Кыргызстанда 2014-жылдын 14-февралына карата электр энергиясынын суткалык керектөөсү 69,51 миллион киловатт-саатты түздү. Бул өткөн жылга салыштырмалуу 10,14 миллион киловатт-саатка көп. Бул туурасында Энергетика жана өнөр жай министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, эң жогорку керектелген кубаттуулук 3099 мегаватт. Бул көрсөткүч өткөн жылга караганда 355 мегаваттка жана белгиленген чектен 319 мегаваттка көп.
Өткөн сутка ичинде электр энергиясын жана жогорку жүк түшкөн сааттарда кубаттуулукту лимиттен ашыруу төмөндөгүнү түздү: Бишкек шаары – 2,2 миллион киловатт-саат, Чүй облусу – 1,63 миллион киловатт-саат, Талас облусу – 0,49 миллион киловатт-саат, Ысык-Көл облусу - 0,3 миллион киловатт-саат, Ош облусу – 0,77 миллион киловатт-саат, Баткен облусу – 0,1 миллион киловатт-саат, Жалал-Абад облусу – 0,33 миллион киловатт-саат.