Назарали Арипов, “Республика” фракциясынын лидери: “Дарыгердин чуусу боюнча депутат Мурашев менен сүйлөшө элекмин”

“Улуттук госпиталдын дарыгерине кол көтөрдү” деп айтылып жаткан депутат Нурбек Мурашев менен окуя боюнча сүйлөшө элекмин”,- деп билдирди бүгүн, 14-февралда SUPER.KG порталына “Республика” фракциясынын лидери Назарали Арипов. Айтымында, бул окуяны маалымат булактарынан гана угуп, көрүүдө. “Өзү менен жакын арада сүйлөшөм. Бул маселени фракцияда, келе жаткан дүйшөмбү күнү карашыбыз мүмкүн”,- деди Арипов.

Айта кетсек, 13-февралда Улуттук госпиталдын неврология бөлүмүнүн башчысы Жамалбек Тургунбаев депутат Нурбек Мурашев менен анын иниси ур-тепкиге алганын айтып чыккан. Мындан кийин депутатка байланышсак, маалыматты четке каккан. “Аталган дарыгер менин жакын тууганымдын аялына туура эмес диагноз коюп, кереги жок уколдорду берип жүргөн. Мунун айынан аял комага түшүп, 3 күндөн бери өзүнө келе албай жатат. Ооруканага барганда тууганым аялын өлтүрүп коё жаздаган дарыгерге ачууланып, жакасынан жулкулдатты. Эч кандай кол көтөрүү болгон жок”,- деди Нурбек Мурашев.Бүгүн, 14-февралда аталган дарыгердин абалын көргөнү барган акыйкатчы Бактыбек Аманбаев дарыгер Жамалбек Тургунбаевди сыртынан караганда сабалганга окшобой турганын, анткени денесинде көк ала жок экенин айтты.

Эскерте кетсек, “Республика” фракциясынын депутаты Нурбек Мурашев “Кумтөрдөгү” үлүштү 50х50 пайыздан бөлүүгө каршы чыккан депутаттардын бири. 6-февралда парламентте үлүштү теңме-тең бөлүү боюнча өкмөттүн меморандумуна “каршы” деп добуш берген.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан