Асылбек Жээнбековдун төрагалыгынын астында Жогорку Кеңештин Координациялык кеңеши бүгүн, 14-февралда 19-20-февраль күндөрүндөгү парламент жыйындарынын күн тартибинин долбоорун бекитти.
19-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча мамлекеттик дирекциянын ишинин натыйжаларын иликтөө боюнча убактылуу депутаттык комиссиянын ишинин жыйынтыгын кароо улантылат. Мындан сырткары 2012-жылга карата Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчёт угулмакчы. “Социалдык фонддун 2013-жылга бюджети жана 2014-2015-жылдарга карата болжолу жөнүндө” мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору, “Социалдык фонддун 2014-жылга бюджети жана 2015-2016-жылдарга карата болжолу жөнүндө” мыйзам долбоорлору каралат.
20-февралда парламентте 2012-жылга карата Эсептөө палатасынын ишмердүүлүгү тууралуу Эсептөө палатасынын төрагасынын отчёту угулат. Ошондой эле “КРнын 2012-жылга карата республикалык бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчётту бекитүү тууралуу”, “Кыргыз Республикасынын калкынын радиациялык коопсуздугу жөнүндө” мыйзамга өзгөртүүлөр менен толуктоолорду киргизүү тууралуу”, “Кыргыз Республикасынын мөңгүлөрү жөнүндө” мыйзам долбоорлору каралмакчы.