Токон Мамытов өлкөдө жаратылыш кырсыктарынан каза тапкандар кыскарганын айтты

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинде бүгүн, 14-февралда өткөн коллегиялык жыйында вице-премьер-министр Токон Мамытов өлкөдө табият кырсыктарынан каза тапкандар азайганын билдирди. Айтымында, 2013-жылы өлкөдө жаратылыш кырсыктарынан 15 адам каза тапкан.

“2013-жылы табият кырсыктарынын 30 пайызын сел каптоолор түздү. Кар көчкү 18 пайызды, ири өрт кырсыктары 12 пайыздык көрсөткүчтө болду”,- деди Мамытов.

Вице-премьер жаратылыш кырсыктарынын алдын алуу боюнча элге түшүндүрүү иштери жүрүп жатканын кошумчалады. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан