“Жаныбарларды идентификациялоо жөнүндөгү мыйзам бодо малды багуучулар үчүн 2014-жылдын 1-апрелинен тартып күчүнө кирет”,- деп билдирди 14-февралда Жогорку Кеңештин депутаты Сайдулла Нышанов “Парламент” радиосунун түз байланышында.
“Жылкы багуу менен алектенгендер үчүн 2015-жылдын 1-апрелинен, майда мал багуу менен алектенгендер үчүн 2016-жылдын 1-апрелинен баштап күчүнө кирет. Мыйзам канаттуулар менен аарыларга да тиешелүү, аларга мыйзам 2017-жылдын 1-апрелинен тартып күчүнө кирет”,- деди депутат.
Депутат 2014-жылы айыл чарба тармагы үчүн 5 миллиард сом насыя бөлүнө турганын билдирди.