Быйыл Дооронбек Садырбаев атындагы “Кыргызтелефильм” студиясы оңдолот

Дооронбек Садырбаев атындагы “Кыргызтелефильм” студиясынын эскирген жабдыктары быйыл жаңыртылат. Муну ЖКнын депутаты Гүласал Садырбаева 14-февралда билдирди. Айтымында, Д.Садырбаевдин 75 жылдыгын белгилөө боюнча Жогорку Кеңештин токтому 2013-жылдын 16-мартында кабыл алынган. 

“Парламент” радиосунун түз байланышында экс-депутат Султан Урманаев Дооронбек Садырбаев менен бирге парламентте иштеген жылдарын эскерди. Кандай гана мыйзам долбоору даярдалса да, ал кишинин кеп-кеңешине муктаждык жаралып, айткан акыл-насаатына ар дайым кулак салышкандыгын белгилейт.

“Аксы окуясына тиешелүү бир беткей каралоолор жүрүп жаткан чакта акты ак, караны кара деп калыс сөзүнөн тайбай турган Дооронбек Садырбаевдин тайманбас чечкиндүүлүгү анын беттеген максатынан тайдыра алган эмес. Бийликтин кысымына да багынып берген эмес”,- деди Урманаев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан