14-февралда “Ар-намыс” фракциясынын жыйынында жол кырсыктарында жарандардын өлүмүнө күнөөлүү айдоочулардын жоопкерчилигин күчөтө турган мыйзам долбоору каралды.
Депутат Абдрахман Маматалиевдин айтымында, түзөтүүлөр жолдо жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу жана мас абалында рулга отурган айдоочулардын жазасын күчөтүү максатында киргизилет.
“Кылмыш-жаза кодексинде жол кырсыгына айыптууларды транспорт каражатын башкаруу укугунан ажыратуу жазалардын түрү катары көрсөтүлгөн эмес”,- деди эл өкүлү.
Мыйзам долбооруна ылайык, ден соолугуна оор эмес зыян келтирген же натыйжасы өлүмгө алып келген жол кырсыктарына күнөөлүү айдоочуларды 1 жылдан 3 жылга чейинки мөөнөткө, ал эми айдоочу мас абалында болсо, өмүр бою автоунаа айдоо укугунан ажыратуусу сунушталган.
Демилгечилер жол кырсыктары гана азайбастан, мас абалында унаа айдаган адамдардын саны кескин кыскара турганын айтышууда.
Жыйынтыгында депутаттар аталган мыйзам долбоорун жактырышты.