Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы Архитектура жана курулуш агенттигинин түркиялык насыянын эсебине курула турган мектептер боюнча тараткан билдирүүсүнө тактоо киргизди. Тактоонун мазмуну төмөндөгүдөй:
“14-февраль күнү өкмөткө караштуу Архитектура жана курулуш агенттигинин директору Турдубек Мамбетов маалымат жыйын өткөрүп, "Түркиянын насыя каражатына курула турган мектептердин курулушу Жогорку Кеңештин курула турган мектептердин тизмесин кароону создуктургандыгынан улам кечеңдеп калды" дегендей жүйө келтирип, күнөөнү толугу менен парламент тарапка оодаргысы келет.
Ушуга байланыштуу төмөнкүдөй тактоо киргизебиз.
Түркиянын насыя каражатына курула турган мектептердин курулушу Жогорку Кеңештин тармактык комитеттеринин кароосуна макулдашуу үчүн гана жөнөтүлөт. Талкуу жүрүшүндө депутаттар көптөгөн сунуштарын бергени анык, бирок Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер боюнча комитети менен Бюджет- финансы боюнча комитети маселени создуктурбай эле, 2013-жылдын 13-майында макулдугун берип, атайын кат жөнөткөн.
Экинчиден, Түркиянын насыя каражатына курула турган мектептердин тизмеси толугу менен өкмөт, анын ичинде Архитектура жана курулуш агенттиги менен макулдашылып чечилген. Ошентип, Түркиянын насыя каражатынын биринчи бөлүгүнө 30 мектеп, экинчи бөлүгүнө 17 мектеп кирген. Ал эми мектептердин документтерин иреттөө, каржылоо, тендерлерди жарыялоо, куруу - Архитектура жана курулуш агенттигинин түздөн-түз милдети”.