Жантөрө Сатыбалдиев Кыргызстанда илимдин абалы жакшы эмес экенин моюнга алды

14-февралда Улуттук илимдер академиясынын өкүлдөрү менен жолугушкан өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев Кыргызстанда илим тармагында абал жакшы эмес экенин айтты.

“Бүгүнкү күндө илим тармагы оор учурду башынан өткөрүп жатат. Бирок баары жаман деген да туура эмес. Тармакты көтөрүү үчүн көп иштерди жасаш керек. Буга өкмөт жардам берүүгө даяр”,- деди премьер-министр.

Сатыбалдиев Улуттук илимдер академиясынын кызматкерлеринин айлыгын көтөрүү маселесин өкмөт жыйынына киргизүүнү даярдоо үчүн жумушчу топ түзүүнү сунуштады.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан