Темир Сариев: “Кыргызстан Бажы биримдигине кирбесе, Орусия бизге күйүүчү майды кымбаттатышы мүмкүн”  

Кыргызстан Бажы биримдигине киргенден кийин бажы тарифи 10 эсе өсөт. Муну 14-февралда экономика министри Темир Сариев ишкерлер менен жолугушууда билдирди. “Кыргызстан Бажы биримдигине кирбесе, Орусия бизге күйүүчү майдын баасын көтөрүшү мүмкүн. Биз ишкерлерибиздин каржылык жардам алышына шарт түзө турган жакшы программа иштеп чыгышыбыз керек”,- деди Сариев.

Айта кетсек, эксперттер Бажы биримдигине киргенден кийин өлкөдө автоунаалар 60 пайызга, кийимдер 25-30 пайызга кымбаттай турганын билдиришүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан