Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Сура-Таш айылында кутурган ит аныкталды. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдиргендей, кутурган ит 4-февралда үй ээсинин аялын жана баласын тиштеп алган. Үй жаныбары 9-февралда өлгөн. 10-февралда иттин башы лабораторияга жөнөтүлүп, жыйынтыгында анын кутурма оорусуна чалдыкканы аныкталган. Учурда Кызыл-Кыштак айыл аймагында көчө иттерин 8 адамдан турган 2 топ атууда. Ал эми ит тиштеген жарандар дарыланып жатышат.