Бүгүн, 15-февралда Бишкек шаарынын "Ататүрк" багында Совет аскерлеринин Ооганстандан чыгарылгандыгынын 25 жылдыгына карата эскерүү аземи болуп өттү. Ага күч органдары менен КРнын Жогорку Кеңешинин өкүлдөрү, Ооган согушунун ардагерлери, согушта курман болгондордун туугандары, Улуттук Гвардиянын аскерлери жана мектеп окуучулары катышышты.
КРнын Коргоо министри Таалайбек Өмүралиев: "Ар бир согуштун бүтүшү майрам болуп эсептелинет. Биздин мекенибизде эч качан согуш болбосун. Ооган согушунун ардагерлери биздин жаңы муундарга ар дайым үлгү болуп кала берсин",- деп куттуктап, эскерүү иш-чарасын ачып берди.
Ооган согушунун ардагери, генерал-полковник Абдыгул Чотбаевдин айтымында, Ооганстандагы согуш тууралуу ар түрдүү, бири-бирине каршы сөздөр айтылууда.
"Айрымдар советтик аскерлерди баскынчылар деп күнөөлөп, Ооган согушу маанилүү эмес болгон дешет. Бирок биз Ооган өкмөтүнө жардам берүү жана укуктук мамлекеттин түптөлүшүнө көмөк көрсөтүү максатында ал жакка барганбыз",- деди Чотбаев.
Жогорку Кеңешинин депутаты Кожобек Рыспаев парламенттин атынан ардагерлерди куттуктап: "Ооган жоокерлери 2005, 2010-жылдардагы мекенибизде болгон баш аламандыктарда биринчи катарларда болуп, четте калбай, өздөрүнүн салымын кошуп жатышты",- деп билдирди.
Эскерүү иш-чара соңуна келгенде Ооганстанда курман болгондордун эстелигине катышуучулар гүл коюшту.
Эскерте кетсек, бүгүн, 15-февраль - Ооганстандан Совет аскерлеринин чыгарылып бүткөн күнү. Советтик куралдуу күчтөрдү чыгаруу 1988-жылдын 15-майында башталып, операция 9 айга созулган. 1979-жылы СССРдин аскер бөлүктөрү жаңы түзүлгөн Ооган өкмөтүн моджахеддерден коргоо, укуктук мамлекеттин түптөлүшүнө көмөк көрсөтүү үчүн Ооган жерине киргизилген. 10 жылга созулган согушка 1 миллионго жакын советтик аскер катышып, 20 миңдейи каза тапкан. 30 миңдей жоокер жаракат алып, майып болушкан. 1 миллиондой ооган эли кырылган.