“Республика” фракциясынын лидери Назарали Арипов 14-февралда Катардын Кыргызстандагы элчиси Мохаммед Аль-Наимини кабыл алды. Жолугушууда Арипов элчини Кыргызстандагы дипломатиялык ишинин башталышы менен куттуктап, эки мамлекеттин дипломатиялык кызматташтыгын мындан ары дагы өнүктүрүү боюнча пикир алышты. Катардын экономикалык жана инвестициялык мүмкүнчүлүгүн белгилеп, кыргыз тарап эки тараптуу мамилелердин өнүгүшүнө кызыкдар экенин билдирди Арипов.
Элчи Кыргызстан Борбордук Азия чөлкөмүндө парламенттик демократияны өнүктүрүү жаатында үлгү боло аларын айтып, Катардын инвесторлору айрыкча тоо-кен өнөр жайы, айыл чарба тармактарында кызматташууга кызыкдар болуп жатканын билдирди.