Каныбек Осмоналиев: “Парламент жаштардын илим менен алектенүүсүнө шарт түзүүгө аракет кылат”

Бишкекте бүгүн, 15-февралда И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде “Техника жана өндүрүш, илим” жумалыгынын жабылышы болду. Ага Жогорку Кеңештин Билим берүү, илим, маданият жана спорт комитетинин төрагасы Каныбек Осмоналиев катышты.

Университеттин базасындагы “Алтын түйүн” республикалык инженердик-техникалык балдар академиясынын космос жана астрономияга арналган иш-чарасынын жабылышында К.Осмоналиев жаш жеткинчектердин илим менен техника жаатында алектенүүсүнө кыргыз парламенти бардык шарттарды түзүү үчүн укуктук-ченемдик базаны өркүндөтүү керектигин айтты. Депутат илим жана техникага кызыккан окуучуларды март айында өтүүчү улуу физик Галилео Галилейдин 450 жылдыгына карата өтүүчү “Физика күнүнө” катышууга чакырды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан