Бүгүн, 15-февралда шаардагы Токтогул атындагы сейил багында Совет аскерлеринин Ооганстандан чыгарылгандыгынын 25 жылдыгына карата ардагерлерди сыйлоо аземи болуп өттү. Ага мэр Айтмамат Кадырбаев, Ош шаардык кеңешинин төрагасы Улан Примов жана шаар жетекчилери катышты.
Айтмамат Кадырбаев ардагерлерди куттуктап, аларга бекем ден соолук каалады.
“Урматтуу жоокерлер, советтик армиянын Ооганстандан чыгарылгандыгына быйыл 25 жыл болду. Ооган согушуна катышкандарга, элинин тынчтыгы үчүн жанын берип, мекенине кайтпай калган жоокерлерге дайыма башыбызды ийип таазим этебиз. Бүгүнкү татыктуу жашоону, алдыга умтулууга үндөгөн сиздерсиздер, урматтуу жоокерлер”,- деди мэр.
Ардагерлер үчүн акчалай сыйлыктар тапшырылып, сый тамак уюштурулду.