Мамлекеттик салык кызматынын Жалал-Абад шаардык башкармалыгы республика боюнча "Эң мыкты жамаат" деп табылды

Мамлекеттик салык кызматынын Жалал-Абад шаардык башкармалыгы республика боюнча «Эң мыкты жамаат» аталып, өтмө кызыл тууну кайрадан өздөрүнүн эмгек жамаатына алып келишти. Бул тууралуу бүгүн, 15-февралда мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Мындан сырткары Мамлекеттик салык кызматынын 1-даражадагы диплому жана 100 миң сом акчалай сыйлык менен сыйланышты.

Салык кызматынын Жалал-Абаддагы башкармалыгынын башчысы Касымжан Дыйканбаевдин айтымында, республикалык жана жергиликтүү бюджеттин план тапшырмасын ашыгы менен аткаргандыгынан улам ушундай сыйлыкка татыган. 2012-жылга салыштырмалуу 2013-жылы салык 79 миллион 676 миң сомго ашыкча жыйналган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан