Кечээ, 16-февралда Жогорку Кеңештин көз карандысыз депутаты Равшан Жээнбеков Facebook социалдык тармагындагы баракчасында өзү баштаган Улуттук оппозициялык кыймылдын төмөнкү 4 негизги милдетин жарыялады:
1) Президенттик бийлик менен күрөшүү. Бул милдет үчүн анын ыйгарым укугун чектөө жана бийликтин тармактарын тең кылуу;
2) Авторитардык режимге ээ болгон өлкөнү демократиялык мамлекетке айлантуу;
3) Парламентаризмди колдоо жана бекемдөө, президенттин айрым ыйгарым укуктарын премьер-министрге өткөрүү;
4) Жергиликтүү бийликке өкүмчүл жана каржы ыйгарым укуктарын берип, аны шайлануучу кылуу.
“Аталган максаттар КРнын Конституциясынын чегинде орундалууга мүмкүн. Ал эми стратегиялык максат - Түркия, Япония, Германия өлкөлөрүнүкүндөй толук парламентаризм жана бийликти борбордон ажыратуу (децентрализация)”,- дейт Жээнбеков.
Эскерте кетсек, "Эркин эл" партиясынын лидери, активист Мавлян Аскарбеков SUPER.KG порталына жаңы түзүлгөн оппозициялык кыйымылга Камчыбек Ташиев, Мелис Мырзакматов, Өмүрбек Суваналиевдин кирүүсү жөнүндө айтып берген.