Украина: Оппозиция лидери өкмөттү жетектөөдөн баш тартты

Украинада оппозиция лидери Арсений Яценюк министрлер кабинетин жетектөө сунушунан баш тартты. Муну ал 16-февралда тарапташтары менен жолугушуу учурунда билдирди.

“Виктор Янукович мага премьер-министрлик кызматты сунуштаганын уктуңар. Менин жообум: Урматтуу президент, мен кызмат орду үчүн сатылбайм. Өзүңөрдүн кол алдыңарда жүргөндөрдү сатып ала бергиле”,- дейт Яценюк.  

Оппозиция өз алдынча өкмөт курай турганын, бул бардык оппозиция лидерлеринин чечими экенин да айтты. “Биздин талап - 2004-жылкы Конституцияга кайтып келүү. Оппозиция катары биз оппозициялык, элдин ишениминдеги өкмөттү түзөбүз”,- деди лидер. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан