КРнын Тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев Ооганстандын президенти Хамид Карзай менен жолугушту

КРнын Тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев Ооганстандын президенти Хамид Карзай менен жолугушту. Бул тууралуу бүгүн, 17-февралда мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, жолугушуу 16-февраль күнү Кабул шаарында өткөн. Анда министр Эрлан Абдылдаев Кыргызстан эки өлкө ортосундагы кызматташтыктын мындан ары өнүгүүсүнө кызыкдар экенине жана Ооган кыргыздарынын жашоо шартын жакшыртууга биргелешип чара көрүүгө токтолду. Ооган президенти Хамид Карзай ооган-кыргыз мамилеси жакшы нукта өнүгөрүн жана энергетика, транспорт, илим жаатында кызматташууга даяр экенин белгиледи.    

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан