Кыргызстанда быйыл айыл чарба өсүмдүктөрү себилген аянтты 8 миң гектарга чейин көбөйтүү күтүлүүдө. Муну бүгүн, 17-февралда ЖКнын тармактык комитетинин жыйынында айыл чарба жана мелиорация министри Таалайбек Айдаралиев билдирди. Айтымында, жазгы айдоо иштери маалында аба ырайы кескин ысып кетиши мүмкүн.
"Тоют өсүмдүктөрүнүн аянты 14 миң гектарга, пахтанын аянты 2 миң гектарга көбөйөт. Тамеки жана май өсүмдүктөрүнүн аянты азаймакчы",- деди министр.