Депутаттар "дыйкандар баасын алдын ала билишмейинче, буудай себишпейт" дешти

"Дыйкандар баасын алдын ала билишмейинче, буудай себишпейт",- деди бүгүн, 17-февралда ЖКнын тармактык комитетинин жыйынында депутат Абдимуталип Кочкорбаев. Айтымында, өкмөт быйыл буудайды сатып алуудагы бааны дыйкандарга жарыялашы керек. Дыйкандардын буудай сеппей коюшунан тартыштык болуп, Казакстандан дан эгиндерин сатып алууга туура келүүдө. 

Вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев сунуш эске алына турганын билдирди. "Жылдагыдай эле быйыл өкмөт дыйкандардын буудайын сатып алат",- деди ал. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан