Жогорку Соттун төрайымы Феруза Жамашева 2 күндүк иш сапары менен өлкөнүн түштүгүнө кетти. Бүгүн, 17-февралда Жамашева Жалал-Абад облустук сотунун коллегиялык жыйынына катышат. Жыйында облустук соттун 2013-жылдагы ишмердүүлүгү каралат. Сот тармагындагы коррупцияга каршы күрөшүү маселеси да талкууга алына турганын Жогорку Соттун маалымат кызматы билдирди.
18-февралда Жамашева Ош жана Өзгөн шаарларында болуп, парламенттин Сот-укуктук маселелер жана мыйзамдуулук комитетинин көчмө жыйынына катышат. Көчмө жыйында эл өкүлдөрү имараттардын абалы менен таанышып чыгышат.