Сауд Арабиянын тарыхында башкы редакторлукка биринчи жолу аял киши дайындалды

Сауд Арабиянын тарыхында башкы редакторлукка биринчи жолу аял киши дайындалды. Бул тууралуу 16-февралда чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Сомайя Жабарти мындан ары "Saudi Gazette" аттуу англис тилдүү гезитине жетекчилик кылат. Ага чейин бул кызматта Халед Алмаеена иштеп келген жана Жабарти гезитте башкы редактордун орун басары болуп эмгектенген. Мурунку редактордун айтымында, Жабартинин бул кызматка тандалышына анын жынысы эмес, жумуштагы жөндөмдүүлүгү түрткү болгон.

Сауд Арабияда аялдар үчүн көпчүлүк кесиптерде иштөөгө тыюу салынган. 2013-жылы гана айымдар адвокат болуп иштөө жана жеке фирма ачуу укугун алышкан. Буга чейин аларга жардамчы катары иштегенге гана мүмкүнчүлүк берилип келген. Кесип тандоодон сырткары айымдарга айдоочулук күбөлүк алуу да дээрлик мүмкүн эмес. 2011-жылы жергиликтүү шайлоо процесстерине катышуу укугуна ээ болушкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан