20-февралда Ош шаарындагы Жаштар иштери боюнча комитети "Шайыр тапкычтар" мелдешин өткөрөт. Оюнга аймактык жаштар кеңештеринен 13 жаштан 18 жашка чейинки окуучулар катыша алат. Бул тууралуу бүгүн, 17-февралда мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Оюндун максаты - аймактык жаштардын маданий эс алуусун уюштуруу, жаштардын таланттарын ар тараптан өстүрүү.