Нарындын Миң-Куш айыл өкмөтүндө Жаштар борбору ачылат

Бүгүн, 17-февралда Нарын облусунун Миң-Куш айыл өкмөтүндө Жаштар борбору ачылат. Маалыматты Эмгек, миграция жана жаштар министрлиги билдирди. Иш-чарага аталган министрликтин өкүлдөрү, Жумгал районунун акими, жергиликтүү жаштар уюмдарынын өкүлдөрү жана башкалар катышат. 

"Миң-Куш - колдоого муктаж алыскы аймактардын бири. Аймакта жашаган жаштардын суроо- талаптарына көңүл буруп, алардын коомдук иштерге жана чечимдерди кабыл алууга аралашуусун кеңейтүү керек. Бул борбор жаштардын жергиликтүү бийлик менен бирге иштешүүсүнө шарт түзөт",- деп билдирет министрлик.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан