2014-жылдын 17-февралына карата Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 10 миллиард 961 миллион метр кубду түздү. Бул көрсөткүч өткөн жылы 12 миллиард 621 миллион метр куб болгон. Бул тууралуу “Электр станциялары” ишканасынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, суу сактагычка агып кирген суунун көлөмү секундуна 154 метр куб, агып чыккан суунун көлөмү секундуна 808 метр кубду түзүүдө.