Быйыл минералдык жер семирткич сатып алууга өкмөт 200 миллион сом бөлдү. Муну ЖКнын Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана аймактык өнүгүү комитетинин 17-февралдагы жыйынында вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев айтты. "100 миллион сом Мамлекеттик материалдык резерв фондундагы акча, 100 миллиону бюджеттик ссуда",- деди Сарпашев.
Депутат Абдимуталип Кочкорбаев жер семирткич менен дыйкандарды камсыздоо иштери жакшы жүрүп жатканын белгиледи.