“Тажикстан Ворух анклавын Кыргызстандан чыгарып кетет” деген сөз жалган” деди Токон Мамытов

Тажикстан бийлиги Баткендеги Ворух анклавын Кыргызстандын аймагынан чыгарып алуу тууралуу маселе көтөргөн эмес. Муну бүгүн, 17-февралда SUPER.KG порталына вице-премьер-министр Токон Мамытов билдирди. Айта кетсек, 14-15-февралда Бишкекте Тажикстандын вице-премьер-министри Муродали Алимардон менен Токон Мамытов жолугушкан.

“Ворух анклавын чыгарып алуу тууралуу маалымат журналисттердин эле ойлоп тапканы”,- деди Мамытов. Ошондой эле Бишкектеги жолугушууда чек ара көйгөйүн чечүү боюнча Тажикстан эч кандай сунуш айтпаганын маалымдады.

Эскерте кетсек, тажикстандык ММКлар чек ара көйгөйү боюнча Тажикстан конкреттүү сунуштарды айтканын, ага Кыргызстан жакын арада дипломатиялык жол менен жооп бере турганын жарыялашкан эле. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан