Бүгүн, 17-февралда Жалал-Абад шаардык мэриясынын алдына чогулган соодагерлер соода кылуучу жайдын башка жакка көчүрүлүшүнө нааразы экенин билдиришти. Алар Чехов көчөсүндө соода менен алектенгендер. Бул тууралуу мэриянын аппарат башчысы Талантбек Исмаилов билдирди.
Анын айтымында, жыл башында шаар бийлиги тарабынан жол жээгинде соода кылгандарды жылдыруу тууралуу буйрук чыгарган. Буга соодагерлердин жол жээгине чейин чыгып кетишкени себеп болгон. Учурда мэрияга келген соодагерлерге түшүндүрүү иштери жүрүп жатат.