Башкы прокурор Аида Салянова прокуратурада иштеген Ооган согушунун катышуучуларын куттуктады. Башкы прокуратура билдиргендей, иш-чарада 8 ардагерге сыналгы тапшырылды. Ооганстандан советтик аскерлердин чыгарылышынын урматына уюштурулган бул иш-чара 17-февралда Башкы прокуратуранын коллегиялык жыйынында өттү.