Орусиянын темир жол көзөмөл өткөрүү бекеттеринен жаңы төрөлгөн ымыркайлары менен кыргызстандык энелер кармалды. Алардын наристелеринде туулгандыгы тууралуу күбөлүгү жок экендиги аныкталган. Бул тууралуу бүгүн, 17-февралда Соль-Илецк шаарындагы “Замандаш” ассоциациясынын өкүлү билдирди.
Маалым болгондой, 12-февралда Оренбург облусунда орус-казак чек арасындагы көзөмөл өткөрүү бекетинде КРнын жараны К.И. анын 10 күндүк ымыркайынын документи жоктугунан кармалган.
Мындан сырткары Москва-Бишкек поезд жолунда чек ара кызматкерлери 2010, 2012-жылдары төрөлгөн, бирок күбөлүгү жок балдардын энеси Т.А. кармалды.
Азыркы тапта энелерге юридикалык, укуктук жана моралдык жардам көрсөтүлүүдө. Алар жашоочу жай жана тамак-аш менен камсыздалышты. Энелердин каржы абалы оор болгондуктан, Екатеринбург шаарынын Башкы консулдугу аларга документтерди акысыз даярдап берүүдө.