2013-жылы коррупциялык схемалардын басымдуу бөлүгү айыл өкмөттөрүндө катталган. Бул тууралуу мекеменин коллегиялык отурумунда башкы прокурордун орун басары Темир Бекмамат уулу билдирди.
Анын айтымында, айыл өкмөттөрү боюнча 294, андан кийин Коргоо министрлиги, мэрия, акимчиликтерде 79 кылмыш фактысы аныкталган, ал эми 74 факты менен Билим берүү, илим министрлиги үчүнчү орунда турат. Коррупциялык кылмыштардын саны боюнча ички иштер органдарында 54, курулуш жана архитектура тармагында 44, Мамлекеттик каттоо кызматында 42, саламаттыкты сактоо багытында 39 кылмыштын бети ачылган. Эң аз көрсөткүч транспорт жана коммуникация тармагында катталып, 19 кылмышты түзгөн.