Бишкекте 4184 мырза урологиялык текшерүүдөн өтүп, 373үнүн гана ден соолугу жайында болуп чыкты

Бишкекте “Эркектердин ден соолугунун жумалыгы” аттуу акция жыйынтыкталды. Мэрия билдиргендей, 10-февралдан 15-февралга чейин өткөн акцияда 4184 мырза текшерүүдөн өтүп, алардын 373үнүн гана ден соолугу жайында экени белгилүү болду. Уролог Нурдан Акматов “кайрылгандардын 45 пайызы өнөкөттүү простатит, 18 пайызы жыныстык бездин шишиги, 8 пайызы тукумсуздук боюнча жапа чегери аныкталды” деп билдирди.

Айта кетсек, акцияда мырзалардын саламаттыгы акысыз текшерилип, аларга кеп-кеңеш берилди. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан