Электр энергиясын үнөмдөө боюнча Бишкекте семинар өтөт

Борбор шаарда электр энергиясын үнөмдүү пайдалануу маселеси боюнча семинар өтөт. Семинар “Турак жайларда электр энергиясын натыйжалуу пайдалануу боюнча мыйзам ченемдеринин бет ачары” жана "ESIB Кеңешине кирген өнөктөштүк өлкөлөрдөгү пилоттук долбоорлор” деген темада болот. 18-19-февралда өтө турган иш-чаранын максаты – өнөктөш өлкөлөрдүн турак жай тармагында электр энергиясын эффективдүү пайдалануу чараларына көңүл буруу.

Жыйынга Кыргызстан, Армения, Беларусь, Украина, Грузия, Азербайжан, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан, Энергетика жана өнөр жай министрлигинин, Бишкек шаардык мэриясынын өкүлдөрү жана башкалар катышат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан