Бишкектин Свердлов райондук администрациясы Ооган согушунун катышуучуларын сыйлады

Бишкектин Свердлов райондук администрациясы 15-февралда советтик аскерлердин Ооганстандан чыгарылгандыгынын 25 жылдыгына карата иш-чара өткөрдү. Ага Ооган согушунун катышуучулары, согушта курман болгондордун үй-бүлөлөрү катышты. Концерттик программа тартууланып, согушта каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө 7 миң сомдон, жаракат алган жоокерлерге 5 миң сомдон, согушка катышкан ардагерлерге 1000 сомдон берилди. Жалпы 188 ардагерге материалдык жардам көрсөтүлгөнүн билдирет мэрия.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан