Кыргызстанга Евразия экономикалык шериктештиги 100 миллион доллар инвестициялык каражат бөлгөнү жатат. Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы комитетинин 17-февралдагы жыйынында ушул маселе каралды. Транспорт жана коммуникация министри Калыкбек Султановдун айтымында, Кыргызстан менен Евразия өнүктүрүү банкынын ортосундагы макулдашууга кол коюлган. Кыргыз парламенти ратификациялагандан кийин күчүнө кирет.
Келишимге ылайык, 100 миллион доллардын 65 миллион доллары - жеңилдетилген насыя, 35 миллион доллары - гранттык каражат. Насыя 20 жылдык мөөнөткө 1 пайыздык үстөк менен берилип жатат. Бул акчага бир катар унаа жолдору оңдолгону жатат.