Башкы прокуратура: Кыргызстанда аялдар жана өспүрүмдөр арасындагы кылмыштуулук көбөйгөн

Бүгүн, 17-февралдагы коллегиялык жыйында башкы прокурордун орун басары Темир Бекмамат уулу “Кыргызстанда аялдар менен өспүрүмдөр жасаган кылмыштардын саны өсүүдө” деп билдирди. 
Маалыматка ылайык, өлкө боюнча 2012-жылы 28 847, 2013-жылы 27 217 кылмыш катталган. Жалпысынан кылмыштуулуктун деңгээли 5,7 пайызга төмөндөгөн. Аны менен катар зордуктоолордун саны да азайган. Өткөн жылы 338 зордуктоо фактысы катталган. 
“Аялдардын арасындагы кылмыштуулук көбөйгөн. 2012-жылы айымдар тарабынан 2043 кылмыш жасалса, 2013-жылы көрсөткүч 2148ди түзгөн. Ал эми өспүрүмдөр катышкан кылмыштардын саны 2010-жылы 1206 болсо, 2013-жылы 1314кө жеткен”,- деди ал.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан