Кыргыз-Түрк “Манас” университети боюнча келишим жаңыртылганы жатат

Парламенттин Бюджет жана финансы комитетинин 17-февралдагы жыйынында Кыргыз-Түрк “Манас” университети боюнча келишимди жаңыртуу демилгеси көтөрүлдү. 

Билим берүү жана илим министри Канат Садыковдун айтымында, эки өлкө ортосундагы билим берүү жаатында кызматташтык мамилелерди кеңейтүү жана аны андан ары өркүндөтүү үчүн 1995-жылы түзүлгөн келишимди жаңыртуу милдети турат. 2011-жылы да мындай демилге көтөрүлүп, бирок парламентте колдоо таппай калган.

Аталган окуу жайда учурда 4370 студент билим алат. Студенттерге кыргыз тараптан 467, түрк тараптан 152 окутуучу билим берет. Университеттин диплому эки өлкө аймагында тең жарактуу.

Келишимге ылайык, жогорку окуу жайды эки тарап 50х50 пайыздан каржылай турганына карабай, каржылык чыгымдын көпчүлүк бөлүгүн түрк тарап тартып келгени айтылды. Мисалы, акыркы 3 жыл аралыгында Кыргызстан 515 миң доллар бөлсө, Түркия 52 миллион 901 миң доллар бөлгөн. Жаңы келишим 25 жылдык мөөнөткө түзүлүп жатат. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан