Грузиянын мурдагы премьер-министри 5 жылга эркинен ажыратылды

Грузиянын мурдагы премьер-министри Вано Мерабишвили 5 жылга эркинен ажыратылды. Экс-премьер кызмат абалынан аша чапкандык, шайлоочулардын добушун сатып алуу, мамлекеттин акчасын максатсыз коротуу жана өзүнө дача менчиктештирип алуу фактылары боюнча күнөөлүү деп табылды. Анын жактоочусу соттун чечимине макул эмес жана апелляциялык арыз жаза турганын айтты. “Сот бийлик тарабынан болгон кысымды көтөрө алган жок жана мыйзамсыз чечим чыгарды”,- деп билдирди жактоочу Георгий Чиаберашвили.

Вано Мерабишвили Грузиянын өкмөтүн 2012-жылдын июль айынан октябрь айына чейин (4 ай) башкарган. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан