Прокуратура: Иса Өмүркулов үйүн кайтартууга 2,5 жылда 2,3 миллион сом жумшаган

Бишкектин мурунку мэри Иса Өмүркулов үйүн кайтартууга 2,5 жылда 2,3 миллион сом жумшаган. Муну бүгүн, 17-февралда ЖКнын Коррупцияга каршы күрөшүү комитетинде Башкы прокуратуранын өкүлү билдирди. Маалыматка таянсак, Өмүркуловдун үйүн ИИМдин Адистештирилген мамлекеттик коргоо кызматынын башкы башкармалыгынын өкүлдөрү кайтарышкан, бирок алар кассага акча которушкан эмес.

“Эреже боюнча, коргоодо 10 адам болот. Ар бир кызматкерге 4 миң сомдон айлык төлөнөт. Бирок кызматкерлер эрежени бузуп, кассага акча которушкан эмес”,- деп билдирди прокуратура өкүлү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан