Ошто ЖКнын депутаттарынын катышуусунда сот тармагы талкууланган тегерек стол өтүп жатат

Жогорку Кеңештин Сот-укук маселелер жана мыйзамдуулук комитети бүгүн, 17-февралда Ош шаарында сот тармагы талкууланган тегерек стол өткөрүүдө. Иш-чарада депутаттар бир катар мыйзамдарга өзгөртүү жана толуктоо киргизүү маселеси каралууда.

Тармактык комитеттин төрагасы Токтогул Тумановдун айтымында, мындай түзөтүүлөр Судьяларды тандоо кеңешинин мүчөлөрүнүн жеке субъективдүү пикирлерин чектейт. “Биз талапкерлерге добуш берүү жолу аркылуу тандап алуу жобосунда адам таасирин четтетүүнү көздөдүк”,- дейт Туманов.

Тегерек столдун катышуучулары Судьяларды тандоо кеңешин түзүү жоболоруна түзөтүүлөрдү киргизүү боюнча өз сунуштарын айтышты. Жалал-Абад облустук сотунун судьясы Гүлмира Кожобекова "кынтыксыз жана сапаттуу сот тутумун түзүү үчүн сот тармагында тажрыйбасы бар адамдар судьяларды тандагандай кылуу керек” дейт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан