Ош шаарында жабылууга тийиш болгон эски унаа базары ишин улантууда 

"Ош шаарынын мэриясынын жаңы бийлиги элге эски автоунаа базарын ачып берип, шаардык  бюджетке түшө турган каражатты бир адамдын чөнтөгүнө салып берүүдө" деген маалыматтар социалдык тармактарда кызуу талкууга алынды. Бул боюнча бүгүн, 17-февралда вице-мэр Ильяз Ражапов: "Өзүңөр билгендей, эски автоунаа базарына байланыштуу арыз-дооматтар көп түшүүдө. Биз ошол арыздардын негизинде "Жапалак" унаа базарын тез арада бүтүрүп, ошол жакка көчүргөнбүз. Анан кантип ошончо элдин дооматын угуп туруп кайра эски автоунаа базарын колдонууга уруксат берип коёлу? Мэрия тараптан эч кандай уруксат берилген жок",- деп билдирди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан