Жалал-Абад шаардык санитардык тазалыкты сактоочу атайын автобазанын муниципалдык мекемеси тарабынан кечки саат 20:00дөн 00:00гө чейин шаар ичиндеги борбордук көчөлөргө рейд уюштурулууда. Бул тууралуу бүгүн, 17-февралда мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Шаар мэри Мухтар Арапбаевдин атайын буйругунун негизинде көчөлөргө рейд жүргүзүлүп, натыйжада таштандыларды туш келген жерге таштап жаткан тургундар кармалып, аларга карата акттар түзүлүүдө.
Иш-чаранын максаты - шаардын тазалыгын сактоо.