Кыргызстандын тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев 17-февралда Малайзияга болгон иш сапары учурунда өлкөнүн көрүнүктүү саясий ишмерлери менен жолугушту. Алардын бири - Малайзиянын мурунку өкмөт башчысы Махатхир Мохамад. Сүйлөшүүдө М.Мохамаддын кыргыз-малайзия мамилелеринин бекемделишине кошкон салымын белгиледи Абдылдаев. Ошондой эле каалаган учурда Кыргызстанга иш сапары менен келүүгө чакырды. Махатхир Мохамад эки өлкө ортосундагы алакалардын мындан ары да бекемделишине кызыкдар экенин билдирди.