17-февраль күнү кечинде президент Алмазбек Атамбаев Москва шаарынан Бишкекке кайтып келди. Муну президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди. Эскерте кетсек, өлкө башчы кыска мөөнөттүү эмгек өргүүсүнө чыгып, 12-февралда анын тизе кемирчегине Москвада операция жасалган.