Ош шаарында унаа токтоочу жайларды иретке салуу жана борбордук көчөлөрдө баш аламан жайгашкан соода орундарын алуу иштери уланууда. Муну мэриянын басма сөз кызматы билдирди. Тешик-Таш районундагы баш аламан уюштурулган соода орундары борбордук базарга көчүрүлөт.
Мындан сырткары аталган райондогу Ленин, Навои көчөлөрүндөгү унаа токтоочу жайлар иретке келтирилмекчи.