Мамлекеттик каттоо кызматы 2013-жылы 16 жашка жеткен 50 миң жаранга акысыз паспорт берди

Мамлекеттик каттоо кызматы 2013-жылы 16 жашка жеткен 50 миң жаранга акысыз паспорт берди. Бул тууралуу бүгүн, 18-февралда аталган мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Белгилей кетсек, 2013-жылы мекеме демилге көтөрүп, ага ылайык, 16 жашка толгондор биринчи жолу паспортту (ID-карта) акысыз алуу боюнча пилоттук долбоорун ишке ашырган.

“Аталган долбоор ийгиликтүү болгондуктан, Мамлекеттик каттоо кызматы ишти улантуу боюнча тиешелүү документтерди чогултуп даярдап берди. Учурда министрликтер жана мекемелер аларды караштырууда”,- деп айтылат маалымдамада.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан