Ош. Сооронбай Жээнбеков Коррупцияга каршы күрөшүү боюнча өкүлчүлүктүн бөлүм башчыларына тапшырма берди

Кечээ, 17-февралда өкмөттүн Ош облустук өкүлчүлүгүндө аппараттык жыйын болуп өттү. Анда өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Сооронбай Жээнбеков коррупцияга каршы күрөшүү боюнча иш алып барууну күчөтүү керектигин айтып, тийиштүү бөлүм башчыларга тапшырма берди. Бул тууралуу бүгүн, 18-февралда өкүлчүлүктүн басма сөз катчысы Шайлообек Козубаев билдирди.

"Бүгүн элди нааразы кылган негизги көрүнүш - коррупция. Кээ бир мамлекеттик ишканаларда аныктамалар, маалымат кагаздары ойдон чыгарылган акчаларга берилип жатат. Өзгөчө ооруканага жаткан адамдардан дарыгерлердин акча талап кылгандарын айтып келишет. Бул көрүнүшкө каршы турушубуз заарыл. Эгерде мамлекеттик ишкананын жетекчиси өз кызматкерлерин коррупциядан арылта албаса, анда анын кызмат орду боюнча тиешелүү тарапка  сунуш беришибиз керек",- деди Сооронбай Жээнбеков.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан