21-февралда “Республика” парламенттик фракциясынын депутаттары Ош шаарына иш сапары менен келишет. Алар Ош, Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү мамлекеттик дирекциясы тарабынан курулган үйлөрдүн азыркы абалы жана сапаты менен таанышышат. Бул тууралуу бүгүн, 18-февралда мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Мындан сырткары Курманжан датка көчөсүндөгү шаардык клиникалык ооруканасынын абалы каралат.