Бүгүн, 18-февралда Бишкектин айрым көчө кесилиштеринде жол чырактар иштебей жатат. Бул айдоочуларга да, жөө адамдарга да ыңгайсыздык жаратууда. Сүрөттөгү Логвиненко-Киев көчөлөрүнүн кесилишкен жери. Демейде дарактын далдаасына жашынып, бир көчөнүн бир нече жерине удаа-удаа туруп алчу МАИчилердин карааны көрүнбөйт. Айрыкча жөө адамдар көчөнү кесип өтө албай жатышат.